Menu

Бишкек эл аспаптар оркестри Актөбөдө өтчү “Зубанов көктөмү” аттуу Эл аралык музыкалык сынакка жөнөп кетти

Бөлүшүү:

Жалпы музыка сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн түнөк тапкан Бишкек шаардык мэриясынын эл аспатар оркестри дүйнөлүк классикалык чыгармалардан тарта кыргыз элинин кылымдарды карыткан күүлөрүн эң мыкты деңгээлде аткарып өз чеберчиликтерин көрсөтүп келишет. Бул оркестрдин түзүлгөндүгүнө аз мезгил болсо дагы жалаң жагымдуу чыгармаларды жандуу аткаруу менен элдин алкышына арзып, кеңири күйөрмандарга ээ. Мындай ийгиликтерди анын дирижеру Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакыт Тилегенов жаратып келет десек жаңылышпайбыз.
Кыргыз элин музыка жаатында даңазалоо максаты менен Бакыт Тилегенов жетектеген эл аспаптар оркестринин жааматы анын солисттери Улан Качкыналиев, Мунарбек Чобиев, Гулнара Өмүрзакова, Бактыгүл Бокоевалар Казак Республикасынын Актөбө шаарында өтүүчү Ахмед Зубановдун 110-жылдык маарекесине арналган “Зубанов көктөмү” аталышындагы Эл аралык сынагына сапар алышты. Аталган сынакка КМШ өлкөлөрүнөн 500дөн ашуун катышуучулар келип өз өнөрлөрүн көрсөтүп ат салышмакчы.
“Зубанов көктөмү” сынагында Бишкек шаардык мэриясынын эл аспаптар оркестри да музыка дүйнөсүндөгү чыгармачылыгы бийик экендигин көрсөтүп, байрагыбызды жогору көтөрүп, алдыңкы сыйлыктарга татыктуу болушуна чын дилибизден тилектешпиз. Сиздердин ийгиликтериңиз жалпы кыргыз элинин ийгилиги.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: