“Мен төрагалыкка аттанган эки талапкердин бирөөсү депутаттардын жетиштүү добушун алып, спикер болушу үчүн аракет кылып жатам”? – деди парламенттеги коалициянын башчысы Чыныбай Турсунбеков жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде. Анын айтымында Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев дагы да болсо бир пикирге келиши үчүн убакыт бар. Андай болбогон күндө экөөнүн талапкерлиги жалпы жыйында каралып, жетиштүү добуш алганы “такка отурат”.
“Азырынча булар жетиштүү добуш алат же албайт деп көңүлдөрүнө суу сеппей туралы. Муну убагы келгенде көрөбүз”, – деди КСДПнын лидери.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ