Menu

Сариев качып эле кетпесе иши чатак

Бөлүшүү:

Дүйнөгө тараган дүрбөлөң иштин арты менен премьер-министрлик кызматынан кол жууган Темир Сариев президенттикке талапкер болуп чыкмак тургай, өзүнүн булгап койгон жерлерин тазалай албай, аргасы курууда. Бизге жеткен маалыматка караганда, “тендер-гейт” чатагына байланыштуу козголгон кылмыш ишинен дагы үчөө өсүп чыгыптыр. Мунун баары Темир Сариевдин премьер кезинде кетирген мыйзам бузууларына барып такалат. Миллиондогон акча каражаттарын мыйзамсыз жол менен ээлеп алгандар кадимки Темикенин “желдеттери” болуп чыгууда. Эми баш адашат, күнөскаларды куруудан баштап ипотекага чейинки популисттик кадамдын баары акча жасоо үчүн гана жасалган турбайбы? Азыр маселен Кытай багытындагы кон­трабанда боюнча бир топ адамдар кармалып, алар кимдин ишин кылып жүргөнүн ачыктаптыр. Айтор, мунун баарын билген адам: “бу адамды президент кылсак, бизди курутуп жок кылат турбайбы” деши бышык. Ошондуктан, эгер төргөө аягына чыга турган болсо, Т.Сариев абактагы аткаминерлер менен “параша” жыттап ка­лышы ажеп эмес имиш.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: