Menu

Талгарбековдун тап берүүсү эмнени каңкуулайт?

Бөлүшүү:

Күтүүсүздөн эле “Элдик парламент” аталышындагы саясый күч пайда болду. Башкы лидери катары экс-вице-премьер-министр Бекболот Талгарбеков турары байкалды. Катарында Төрөбай Колубаев, Абдыганы Эркебаев, Кубанычбек Жумалиев, Болоткан Кумаров, Александр Гусеев, Мамасадык Бакиров, Марат Султанов, Эсен Салиев, Расул Умбеталиев ж.б. дагы 95 адамдан турган дымактуулардын катмары.

Кечээ Бекболот Талгарбеков маалымат жыйынын кылып, аз күндө президент Атамбаев кызматынан кете турганын, болбосо, 28-апрелде 10 миңдеген адамдардын колдоосу менен митингге чыгышарын билдирди. “Элдик парламенттин” кадамы кескин түрдө радикалдашып кеткени, анан калса, катарына бир дагы оппозициялык күчтөрдү кошпой турушканын шардана кылышты. Ошол эле кезде бир топ оппозиционерлер буларды колдошкон жок, тескерисинче, жактырбай турушканын тымызын билдире башташты. А бийликчил маалымат булактар болсо, Б.Талгарбековду сындамыш эткенге үлгүрдү. Кызыгы, “Элдик парламенттин” бул кадамын азырынча бийлик анчейин деле этибар албагандай, асыресе, тоготпогондой таризде болууда. Же муну Талгарбековдун жөн эле тап берүүсү катары караштыбы?..

А расмий эмес булактарга таянсак, “Элдик парламенттин” артында экс-президент А.Акаев, генерал Б.Алиев тургандыгы айтылууда. О.э. Россиянын ФСБсы колдогону да каңкууланды. Эмесе көрө жаталык, азырынча бир беткей айтууга эрте. 28-апрелге деле аз убакыт калды. Биздин баамыбызда, Атамбаевдин токтоосуздан отставкага кетип калуусу деле байкалбайт. Бу жааттан орчундуу деле себебин сезбедик. Бирок, Талгарбеков чындап эле таңгалдырды, бир билгени барбы?..

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: