«Бир Бол» партиясынын депутаты Алмазбек Акматов деген мыкты чыкма бар. Акаевдин учурунда президентин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары, Бакиевдин учурунда президенттин иш башкармалыгын башчысы болгон. Бакиев доорунда жакшы эле «доолдай» тиккен. Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй, Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси болуп турганда манчыркап, Эсеп палатасын өзү эле билип, каалагандай калчап, Бакиевдердин «кошелегу» болгонунун себебин Алмазбек мырза Жаныш Бакиев менен жакшы ымалада болгондугуна такап келишет. Атургай азыркы күндөрү да Жакең менен «ыссык» мамиле түзүп турарын дагы эшиткенбиз. Мындан улам өткөн саныбызда түз суроо рубрикабыз менен Жаныш Бакиев менен азыр дагы байланышып турасызбы деген мааниде собол салдык эле. Үн каткан жок. Унчукпаганы макул дегениби? Арийне, Жаныш азыр кайсы бир гезитке үзүктөй маектерин берип, кызылдай периштеге айланып жатканда актанууну кечеңдетип атабы? Балким, эски досу эсинен чыкпай аткандыр?
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ