Menu

Бюджет жана финансы комитети Өкмөттүн отчетун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечимине келди

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Өкмөттүн 2015-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчету угулуп, талкуу жыйынтыгында өкмөттүн маалыматы жактырылуу менен, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин берген маалыматына караганда, 2015-жылы Кыргызстанда экономиканын өсүү деңгээли ЕАЭБге кирген мамлекеттердин ичинен эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, 3,5 пайызды, ал эми инфляциянын деңгээли эң төмөнкү 3,4 пайызды түздү. 2015-жылы Кыргызстанда тике инвестиция тартуу жаатында оң динамика байкалып, 2014-жылга салыштырганда 12,6 пайызга көбөйүп, 818 млн долларды түзгөн.

Ошондой эле, капиталдык салымдар боюнча 98 социалдык обьекттин курулушу бүткөрүлгөнүн жана көп жылдардан бери алгачкы жолу өлкө аймактарындагы ички жолдорду оңдоого миллиард сом каралган. Ал билим берүү жаатындагы инновациялык медотторду жайылтууга басым жасалып, бюджеттин эсебинен кенже жаштагы балдар үчүн 480 сааттык программа киргизилгенин жана мунун жыйынтыгында, өлкө боюнча 107 миңден ашык балдар мектепке чейинки даярдыкты акысыз аларын кошумчалады.

Өкмөт Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук Стратегиясында каралган негизги тапшырмалар менен багыттардын алкагында экономикалык потенциалды чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча активдүү саясат жүргүзгөнүн маалымдады.

Жыйын жүрүшүндө комитет мүчөлөрү өкмөт ишинде кетирилип жаткан көптөгөн кемчиликтер көрсөтүлүп, аны жоюу багытында бир катар иштиктүү сунуштар берилди. Депутаттар өкмөт мүчөлөрүнө мыйзамдагы мамлекеттик карыздардын жогорку чегин кайра карап чыгуу, бюджеттин киреше бөлүгүндөгү каржылык түшүп калууларды толтуруу жолдорун аныктоо чараларын иштеп чыгуу тапшырмалары берилди. Жыл жыйынтыгында ар бир министрге жасаган ишине жараша баа берилмекчи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: