Азимбек Бекназаров жетектеген “Эл үнү” коомдук-саясий кыймылы Элдик курултай өткөрүүнү убактылуу кийинкиге жылдырды. Бул тууралуу аталган кыймылдын мүчөсү Анарбек Кайназаров атайын билдирүү таратты.
“Эл үнү” коомдук-саясий кыймылы 2016-жылдын 24-мартында Ош шаарында Элдик курултай өткөрүүнү жарыялаган. 2016-жылдын 18-мартында Өзбекстандын аскер күчтөрү Аксы – Ала-Бука автожолундагы Сары-Булак участкасын басып алганга байланыштуу Курултайдын биринчи этабын Аксыда 22-мартта өткөргөн.
Ошол күнү Кыргыз Өкмөтү тарабынан Аксыдагы кыргыз жерин – Унгар Тоону “Өзбекстандын аймагы” деп “таанылгандыгы” тууралуу № 18/177 сандуу Протоколду анык билгенден кийин “Эл үнү” коомдук-саясий кыймылы бул маселе Жогорку Кеңеште биротоло чечилгенге чейин – 20-апрелге чейин Элдик курултай өткөрүү убактылуу кийинкиге жылдырылган.
Жогорку Кеңеш Унгар Тоо маселесин али толук чечпегендигине жана “Эл үнү” коомдук-саясий кыймылы тарабынан уюштурула турган курултайдагы каралчу социалдык-экономикалык маселелердин айрымдары бийлик тарабынан чечилип жатканына, ошондой эле ушул эле маселелер боюнча жакында башка саясий күчтөр (“Элдик парламент”) Бишкек шаарында митинг (Курултай) өткөрүүнү жарыялап койгондугуна байланыштуу “Эл үнү” өз курултайын белгисиз мөөнөткө токтотот”,- деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ