Бүгүн Жогорку Кеңештеги шайлоонун жыйынтыгында КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков көпчүлүк добуш менен спикерликке шайланды. Анын талапкерлигин 88 депутат колдогон.
Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын өкүлү Исхак Масалиев 26 добуш алды. Добуштарды санаган депутаттык комиссиянын төрагасы Мирлан Жээнчороевдин айтымында 3 депутат эки талапкерге тең каршы добуш беришкен.
Эске салсак, 13-апрелинде Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Ошондон улам, 20-апрелдеги шайлоо жыйынтыгында «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев 51 добушка, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 51 добушка ээ болуп, экөө теӊ чыгып калгандыктан, жаӊы талапкерлер менен жаӊы шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ