Menu

Парламентте Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча чырлуу тендер маселеси каралууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолунун узундугу 104 километр участогун реконструкциялоо, Бишкек шаары менен “Манас” эл аралык аэропортунун ортосундагы автожолдун узундугу 23,027 километр участогун капиталдык ремонттоо, малдарды идентификациялоо үчүн пайдаланылуучу техникалык жабдууларды сатып алуу боюнча тендерлердин мыйзамдуулугун кароо жана иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулууда. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Кубанычбек Жумалиевдин берген маалыматына караганда, Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун куруу боюнча өткөрүлөгөн тендерге 4 компания, анын ичинде атамекендик 2 компания катышып, анын жыйынтыгында «Лонг Хай» компаниясы тандалып алынган. Ал жол курулушуна 6 млрд 803 млн 503,5 миӊ сом сунуш кылган. Ошого карабастан, азыр 8 млрд 785 млн 506,3 миӊ сом жумшоо пландаштырлууда.

Баяндамачы сынак жыйынтыгын Жол чарбасы департаментинин башкы инженери Жумаш Сооданбаев чыгарып, акыркы чечимге транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улан Уезбаев кол койгонун, «Лонг Хай» компаниясынын лицензиясы жок болгондуктан, тендердин тартиби бузулганын баса белгиледи.

Тендерге катышкан компаниялар жол курулушундагы өз кызматы үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө каражат жумшоо сунушун берген: «Грант Старт» компаниясы – 7 млрд 328 млн 499,8 миӊ сом, «Сутранспромжилстрой» компаниясы – 7 млрд 951 млн 135,3 миӊ сом, «Kocogluinsaat sanayi tarim ve hayvancilik ticaret A.S.» компаниясы – 6 млрд 744 млн 934,1 миӊ сом, «Лонг Хай» компаниясы – 6 млрд 803 млн 503,5 миӊ сом.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: