Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын бүгүн, 28-апрелде өткөн жыйынында депутат Иса Өмүркулов бир добуштан КСДП парламенттик фракциясынын лидерлигине шайланып, расмий түрдө өз милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу КСДП фракциясынын катчылыгы билдирди.
Иса Өмүркулов өз кесиптештерине чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык айтып, кыргыз парламентинин курамындагы эӊ ири жана таасирдүү фракциянын аброюн мындан дагы көтөрүү, өз фракциялаштарынын таламын талашууга аракет жасай турганын белгиледи.
Эске сала кетсек, КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков кечээ парламент төрагалыгына шайланган эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ