Menu

Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушуна каражат жетишсиз

Бөлүшүү:

Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушуна каражат жетишсиз. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2015-жылдагы отчету талкууланып жатканда билдирди.

“Ачыгын айтыш керек, азыр каражат жетишсиз, аны издеп табыш керек. Келишим түзүлүп жатканда, бул жолдун курулушуна 6 млрд 800 млн сом өлчөмүндө каржылоого милдеттенме алганбыз. Буга чейин 180 млн сом бергенбиз. Дагы бир аз каражат табылды, аны жакын арада парламенттин кароосуна алып келебиз. Өткөн жылы «Мегаком» компаниясын сатып, 6-7 млрд сом табабыз деп ойлогонбуз, бирок ал сатылбай турат. Сатык конкурсу 11-майга жылдырылды”, – дейт Жээнбеков.

Өкмөт башчы Балыкчы-Корумду жолуп куруп жаткан кытай компаниясынан баш тартсак, ага 2,5 млрд сом төлөп, өлкө бюджети зыян тарта турганын айтты. «Мен деле бул компания жарабайт деп айтсам болмок, бирок зыян тартып калабыз. Биз жол курулушун бүткөрүшүбүз керек. Ушу тапта Кытай компаниясы 16 млн долларга техникалык жабдууларды алып келди. Калыстык болушу керек. Быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт, ага даярдык көрүш керек. Президент да каражат караштырууда. Биз дагы каражат издеп жатабыз», – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: