Menu

Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2015-жылдагы ишин жактырды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеш өкмөттүн 2015-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчетун угуп, аны канаатандырарлык деп тапты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун берген маалыматына караганда, 2015-жылы Кыргызстанда экономиканын өсүү деңгээли ЕАЭБге кирген мамлекеттердин ичинен эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, 3,5 пайызды, ал эми инфляциянын деңгээли эң төмөнкү 3,4 пайызды түзгөн. Ал 2015-жылы Кыргызстанда тике инвестиция тартуу жаатында өсүш байкалып, 2014-жылга салыштырмалуу 12,6 пайызга көбөйүп, 818 млн долларды түзгөнүн билдирди.

Өкмөт башынын айтымында, капиталдык салымдар боюнча 98 социалдык обьекттин курулушу бүткөрүлгөнүн, көп жылдардан бери алгачкы жолу өлкө аймагындагы ички жолдорду оңдоого 1 млрд сом каралган. Ал билим берүү жаатындагы жаӊычыл усулдарды жайылтууга басым жасалып, бюджеттин эсебинен кенже жаштагы балдар үчүн 480 сааттык программа киргизилгенин, өлкө боюнча 107 миңден ашык балдар мектепке чейинки даярдыктан акысыз өткөрүлгөнүн кошумчалады.

Туруктуу өнүгүү стратегиясында каралган негизги тапшырмалар менен багыттардын алкагында, өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча жигердүү саясат жүргүзө алды. Анда камтылган 77 ири долбоордун ичинен 18 долбоор ишке ашырылган.

Жыйын жүрүшүндө депутаттар тарабынан өкмөт ишинде кетирилип жаткан көптөгөн кемчиликтер көрсөтүлүп, аны жоюу багытында бир катар иштиктүү сунуштар берилди. Премьер-министр отчет буга чейин Жогорку Кеӊештин тармактык комитеттеринде да каралып, көптөгөн алгылыктуу сунуштар берилгенин, алардын баары Өкмөттүн мындан аркы ишинде эске алына турганын баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: