Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Лунара Мамытова өз каалоосу менен депутаттык кызматтан кетүү туурасында арыз жазды. Бул тууралуу 29-апрелде ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында билдирди.
“Бүгүн өз каалоом менен депутаттык кызматтан кетүү туурасында арызымды жаздым. Мен үчүн адам бойдон калуу – башкы максат! Кресло үчүн өлбөйм!
Кыргызстаныбыздын саясий чөйрөсүндө аз убакыт болсом да, саясаттын чыныгы жүзүн биле алдым. Депутаттык ишмердигимде саясатчыларга көңүлүм калган учурлар болду. Саясатта бул кадимки көрүнүш. Албетте саясий чөйрөдө мен сыймыктанган адамдар бар. Депутаттык ишмердигимде ийгиликтер да болду. Мени колдоого алган “Бир Бол” фракциясынын депутаттарына, лидер Алтынбек Сулаймановго, катчылыкка ыраазычылык билдирем.
Достор! Бир нерсени билгиле. Депутаттардын баары эле силер ойлогончолук жаман эмес, мен да ошентип ойлочумун. Өлкө үчүн иштегендер да бар”, – деп айтылат Мамытованын билдирүүсүндө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ