Menu

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин кызматтан кетирди

Бөлүшүү:

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн эки топ-менеджерин кызматтан кетирди.

Норвегиялык Telenor Group телекоммуникациялык компания маалымдагандай, башкы каржы директор Ричард Олав жана юридикалык директор Виен Эспен Голландияда каталган VimpelCom компаниясынын Telenor Group компаниясындагы үлүшүнө байланышкан маселелердеги алешемдиктер үчүн жумуштан айдалышты.

Маалымдалгандай, эки жогорку даражадагы чиновник Өзбекстанда «Билайн» маркасы менен уюлдук кызмат көрсөткөн Vimpelcom компаниясында жемкорлук иштери боюнча ички иликтөө башталганда эле кызматтан убактылуу четтетилишкен. Өткөн жума күнү Telenor Group эки атка минерди отставкага кетирүү боюнча чечим кабыл алды.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул жогорку посту ээлеген кызматкерлердин биринчи отставкасы эмес. VimpelCom компаниясы Өзбекстандын тун кызына миллиондогон доллар пара бергендиги жөнүндөгү жаңжалдан кийин Telenor Group компаниясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Свейн Осер жана башкы директор Йон Фредерик Баксаас кызматтан кеткен.

VimpelCom ушул жылдын февраль айында Өзбекстанда бизнес жүргүзүү үчүн өкмөттөгү “таасирлүү чиновникке” 114 миллион доллар пара бергенин моюнга алган. Мындан тышкары компания АКШ жана Нидерландынын коррупцияга каршы органдарына 795 миллион доллар айып пул төлөөгө макул экендигин расмий түрдө билдирген.

Буга чейин АКШ Юстиция министрлиги өкмөттөгү “таасирлүү чиновник” дал ушул Гүлнара Каримова болгондугун айтып чыккан. Кошмо Штаттар Каримова жана анын бир нече табакташтарынын Швейцария банктарындагы 550 миллион долларын кайтаруу талабы менен сотко кайрылган.

Булак: centralasian.org

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: