Menu

Төрага Турсунбеков Ислам кызматташуу уюмунун башкы катчысы Мадани менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ислам кызматташуу уюмунун башкы катчысы Ияд Амин Мадани менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен ИКУнун алдыдагы кызматташуусун талкуулашып, дүйнөдөгү актуалдуу маселелер тууралуу пикир алмашты.

“Эл аралык саясатыбызда ИКУ менен кызматташуубуз биздин өлкө үчүн приоритетүү. Жогорку Кеңеш бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн парламенттик кызматташуу биримдиги менен толук форматта иш алып барууга кызыктар. Биз байланышты өнүктүрүү үчүн баардык багытта иш алып барабыз”,-деди Турсунбеков.

Өз кезегинде, Ияд Амин Мадани Жогорку Кеңешинин төрагасы Ч.Турсунбековду төрагалык кызматка келиши менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Башкы катчынын айтымында, Кыргызстан демократиянын принциптерин өнүктүрүүдө Борбор Азиядагы ийгиликтүү жана үлгүлүү өлкө. Эки өлкө ортосундагы мамиле динамикалуу өнүгүп жаткандыгын баса белгилеп, мындан ары аны тереңдетүү үчүн иш аракеттер жасаларын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: