Menu

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

Бөлүшүү:

АКШ коргоо министри Эш Картер билдиргендей, НАТО Балтика өлкөлөрүндө, Польшада, “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында ротациялык мүнөздөгү аскерий күчтөрдү жайгаштыруу маселесин талкуулап жатат.

Анын айтымында, бул контингент төрт батальондон турушу ыктымал. Пентагон жетекчиси бул туурасында журналисттерге Германиянын Штутгарт шаарына бараткан жолдо кабарлаган. Ал жерде АКШ куралдуу күчтөрүнүн европалык командачылыгы жайгашкан.

Буга чейин АКШ Чыгыш Европага 4200 жоокерден турган америкалык бригадасын кийинки февралга чейин жөнөтүү ниети бар экендигин билдирген болчу.

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында түзүлүшү мүмкүн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: