Menu

Centerra Gold Inc: “Кумтөрдө” иш токтогон жок

Бөлүшүү:

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен калыбына келгенин билдирди. Кыргызстандык айрым маалымдоо каражаттарынын Канаданын баалуу кагаздар боюнча улуттук агенттиги “Центерранын” жетекчилигине карата кызматтык иликтөө жүргүзө баштаганы жана мындан улам Торонтодогу акциялардын сатыгын убактылуу токтоткону тууралуу кабары туура эместиги кабарланды. 30-апрелде бир катар басма сөз каражаттары жашыруун булактарга шилтеме берүү менен жогоркудай маалымат тараткан болчу.

“Центерра Голд” Канада өкмөтү 29-апрелде компаниянын акцияларын сатууну убактылуу токтотконун ырастады. Бирок, ал тинтүүлөр менен байланыштуу эместигин, Бишкектеги кеңседеги соңку окуялар “Кумтөрдөгү” ишке кедерги тийгизбегенин жарыялады.

“Кумтөр голд” компаниясынын Бишкектеги кеңсесинде 28-апрелде укук коргоо органдары тинтүү жүргүзүп, кылмыш ишке керектүү маалыматтар алынгандан кийин Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында “Центерранын” акциялары он пайызга жакын арзандап кеткенин Akchabar порталы жазып чыккан.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ишканада каржылык мыйзам бузууларга орун берилгенин, акча каражаттар мыйзамсыз чыгарылып кеткенин жүйө келтирип, кылмыш ишин козгогон. Алтын кенди иштеткен “Центерра голд” компаниясы болсо мыйзам бузуулар тууралуу айтылгандарды четке кагып, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырып, мунаса табылбаса эл аралык арбитраждык сотко арыз жолдонорун эскертти. Кыргызстан “Кумтөрдөгү” акциялардын 32,1 пайызына ээ.

Булак: centralasian.org

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: