Menu

Атамбаев Бишкек мэри Ибраимовду кабыл алды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-майда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Атамбаев Бишкек шаарын өнүктүрүү, шаар инфраструктурасын жана шаардыктардын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча борбордук муниципалитеттин ишмердигинин негизги багыттары боюнча маалымат алды.

Албек Ибраимов борбордук кызматтарды башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун чаралары, Бишкектин көчө-жол түйүндөрүн өнүктүрүү, баш калааны жарыктандыруу жана жашылдандыруу пландарын айтып берди.

Атамбаев мэрия шаардыктардын күнүмдүк проблемаларын тезинен чечүүгө тийиш экенин белгилеп, баш калаанын маанилүү маселелерине токтолду. Мамлекет башчысынын айтымында, мэриянын ишине шаардыктар такай көз салып турат, алар Бишкектин таза, жашоого жайлуу жана заманбап шаар болушун каалашат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: