5-май күнү Сөз эркиндигин коргоо комитетинин Бишкекте өткөн жыйынына Ош облустук ИИБинин мурдагы башчысы Абдылда Капаров да катышып, Оштогу каргашалуу июнь окуясынын келип чыгышына ага-ини Жээнбековдордун да чоң тиешеси бар экенин белгиледи. Анын айтымына караганда азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен экс-спикер Асылбек Жээнбеков тартипти сактоого бөлүнгөн каражатты максатсыз пайдаланышкан.
“Тартип сакчыларынын курсагын тойгозгонго, күйүүчү майга такыр акча жок болуп, кыйын кырдаал жаралган эле. Бир күнү ошол кездеги ӨКМ министри Д.Чотонов келип борбордон бир мүшөк акча келгенин айтты. Жакшы кабарды угуп, Чотонов экөөбүз ошол кездеги губернатор Сооронбай Жээнбековдун кабинетине барсак, иниси Асылбек Жээнбеков экөө отуруптур. Акчага келгенимди айтсам эле алар “эмнеге акчаны Капаровго көрсөттүң” деп, Чотоновду сөгүп-сагып, өз ара уруша кетишти. Мен чыгып кеттим. Тартипти жөнгө салынсын деген бир мүшөк (5 млн. сом) акчаны Жээнбековдор басып алды. Ошентип каражаты түгүл кара курсагы тойбогон милиция тартипти жөнгө сала албай калды”, – дейт Капаров.
Ошондой эле ал Оштун жака-белине он жерге блокпостторду койдурганын, бирок аны Жээнбековдор алдырып салганын кошумчалады. “Мен дагы бир чындыкты айтып кетейин. Ошол кезде түштүктө абал аябай курч болуп тургандыктан, кокус ызы-чуу чыгып кетпесин деп Ошко алдын ала блок постторду койдургам. Бирок Жээнбековдор Исмаил Исаковго ар нерселерди айтып отуруп, акыры блокпостторду алдыртып салган. Ошонон 3 күн өтпөй июнь коогалаңы башталды”, – дейт Капаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ