Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 6-7-майында жумушчу сапар менен Жалал-Абад облусунда болот. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын жүрүшүндө Жээнбеков жакында селден жабыркаган Аксы районуна жана жер көчкү жүргөн Сузак районунун Алмалуу-Булак айылына барып, кырсык кесепеттерин жоюу иштери менен таанышат. Жер-жерлердеги абал тууралуу маалыматты өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилери берет.
Жумушчу сапар алкагында премьер-министр Бишкек-Ош автожолунун абалы менен да таанышмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ