Menu

Тажик президенти Рахмонго кол салууну көздөгөндөр соттолду

Бөлүшүү:

Дүйшөмбүдө Тажикстан президенти Эмомали Рахмонду өлтүрүүнү көздөгөн эки жаранга байланыштуу соттук жараян аягына чыкты. Алар 2015-жылдын сентябрында президент Вахдатка жумушчу сапары менен барган учурда кол салмакчы болушкан.

Айыпталуучулар Дилафруз Холова менен Иззатулло Фузайлов “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен кызматташып, Эмомали Рахмондун өмүрүнө кол салып, Хожент менен Вахдаттагы айрым объектилерди жардырмакчы болушкан. Дилафруз Холова күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, 8,5 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми күнөөсүн жарым-жартылай гана моюндаган Иззатулло Фузайлов 10 жылга кесилди. Сотто курал менен ИМ экстремисттик тобунун желеги табылбагандыгы белгиленди.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун өмүрүнө буга чейин 1997-жылы Хожентте кол салуу болгон. Анда мамлекет башчысы жана анын бир нече жандоочусу, анын ичинде ички иштер министри Якуб Салимов жараат алышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: