Menu

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бөлүшүү:

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык фестивалы өтөт. Бул туурасында театрдын адабий-драмалык бөлүмүнүн башчысы Елена Мягкова кабарлады.

Анын айтымында, бул жылы фестиваль атактуу кыргыз бийчиси, СССРдин Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиевага арналат. Фестивалга Германия, Армения, Орусия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын балет өнөрүнүн өкүлдөрү катышат.

Фестиваль 15-майда кыргыз балетинин жылдыздарынын катышуусу менен М.Раухвергердин «Чолпон” спектаклин коюудан башталат. 17-майда болсо балет сүйүүчүлөр Адандын «Жизелин» Александр Спендиарян атындагы Армян улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери Мери Ованнисян жана Рубен Мурадяндын катышуусунда көрө алышат.

19-майда сахнада П. Чайковскийдин «Ак куулар көлү” (“Лебединое озеро») Дрезден мамлекеттик операсынын алдыңкы солисттери Светлана Гилёва менен Эл аралык конкурстардын лауреаты Денис Вегинийдин катышуусунда коюлат. 21-майда өтө турган гала-концертке Германия, Армения, Орусия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын балет өнөрүнүн өкүлдөрү катышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: