Menu

Өкмөт башчы Аксыда селден жабыркаган турак-жайлардын абалы менен таанышты

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 6-майда Жалал-Абад облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагындагы Кезарт жана Чалдыбар айылдарына барып, 3-майда орун алган селден жабыркаган турак-жайлардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчыга учурдагы абал жана селдин кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматты өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын маалыматы боюнча, Аксы районундагы селдин кесепетинен 50 турак-жай ар-кыл деңгээлдеги кыйроолорго учураган, анын ичинде 31 турак-жайдын тургундары көчүрүүгө муктаж, ал эми эки үй авариялык абалда жана жашоого жараксыз деп табылган. Мындан тышкары, 192 баш мал кырылган. Кырсыктын кесепеттерин жоюу максатында 1700 литр дизелдик отун, 12 тонна цемент бөлүнгөн. Буга катар жабыркаган жарандарга 14 он орундуу чатыр бөлүнгөн. Алты айыл округунда орун алган жаратылыш кырсыгынын саркындаларын жоюу иретинде 10 даана атайы техника иш алып барууда. Жаратылыш кырсыгынын натыйжасында келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда.

Премьер-министр менен жолугушуу учурунда жабыркаган тургундар турак-жай үчүн жер-тилкелерин жана ссудаларды бөлүү маселесин тездетүүнү өтүндү. Ошондой эле айыл тургундары пенсия жана жөлөкпулдарды өз убактысында төлөп берүү маселесин көтөрүштү.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жолугушуунун жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелерди тез арада чечүү максатында алар көзөмөлгө алынып, пенсия жана социалдык жөлөкпулдар өз убактысында берилет.

Өкмөт башчы белгилегендей, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кырсык болгон аймакта болуп, иштин жүрүшүн көзөмөлдөйт, ал эми жабыркагандарга көмөк көрсөтүү жана селдин кесепеттерин тез арада жоюу үчүн тийиштүү күч жана каражаттар жумшалат.

Бүгүн, 7-майда, Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Сузак районуна барып, Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу ишинин жүрүшү менен жеринен таанышмакчы.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: