Menu

Дайырбек Орунбеков: “Соттор, силер Атамбаев Алмаздын мөөнөтүнөн мурда позор болуп куулушуна шарт түзүп жатасыңар”

Бөлүшүү:

Ак үйдү карап жалтактаган соттордун адилетсиз чечимине жаны кейиген белгилүү журналист Дайырбек Орунбеков бүгүн өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу сотторго жана президентке кайрылып, “бөрк ал десе баш алган” соттор мурда да эки революцияга себепкер болгонун, эми Атамбаевди дагы мөөнөтүнөн мурда позор болуп куулушуна шарт түзүп жатканын айтты. Төмөндө Орунбековдун билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз.

– Чүй облсоту Аламүдүн райондук сотунун мага карата соттун чечимин аткарган жок деген негизде салынган административдик жазасын күчүндө калтырды.

Атамбаев Алмаздын төгүлүп калган кадыр баркын калыбына келтирүүчү 2 000 000 төлөбөй, соттун чечимин аткарбай жатат деп жазалашты.
Эми, мындан кийин сот аткаруучулар ишти Башкы прокуратурага өткөрүп, алар мага карата кылмыш козгой турганын билдиришти.

Сот Сагыналиев биздин өтүнүчтөрдү эске алган жок. Ал, адвокатыма Акүй жактан көзөмөлгө алынып, улам чалып жатканын айтыптыр. Бөрк ал десе баш алган соттор мурда да эки революцияга себепкер болгон, эми Атамбаев Алмаздын мөөнөтүнөн мурда позор болуп куулушуна шарт түзүп жатасыңар.

Атамбаев Алмаз! Убагында сөз эркиндигине жасалган басым, кысым кылган эки президент учурда өлкөсүнө келүүгө эки көзү төрт болуп жүрүшөт. Алардын катачылыгын кайталап, алар менен тагдырлаш болуп калуудан коркпойсузбу?!

Мен, сиздин көз каранды сотторуңуз аркылуу мага кылып жаткан адилетсиз куугунтугуңуздан коркпойм. Жеке өчкө өтүп, ачууланып мага каршы күрөшүп жатканыңызга боорум ооруйт. Мынчалык алсыз, кекчил жана акылы тар, айкөлдүктүн кыпыны жок ажо эл башында турганына кейийм. Бул да бир элге берилген сыноо окшойт деп түшүнөм. Бирок, сиздей президентти кыргыз элине буюрган, биз эмнеден жаздык эле?!.. Кайсы күнөөбүз үчүн?..

Тарыхта жаман ат менен калып, сөз эркиндигин бууп, эл эркиндигин чектеген чыккынчы башчы болуп калуудан коркуңуз. Жаныңызда чала сабат шопур, кайнага кеңешчилердин деңгээлинен көтөрүлүңүз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: