Menu

Нариман Түлеев: “Нарымбаев эки-үч жумада бир абакка келип турчу”

Бөлүшүү:

Нариман Түлеевдин бүгүн маалымат жыйынында билдиргенине караганда, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев абакта кармалган бир топ адамдарга келип турчу:

– Мага эле эмес, Ташиевге, Келдибековго, баарына келчү. Эки-үч жумада бир келчү. Биринчи инстанция бүтө электе эле ал “ырайым сура президенттен” деп турчу. Анын ою акчада болчу. Мен ырайым сурабаганым үчүн үч жарым жыл отурдум.

Нариман Түлеев өзү бир катар карапайым адамдар сыяктуу эле толугу менен жазасын өтөп, “мамлекетке келтирилди” деген акчалай айыпты төлөп бергенин да белгиледи. Ал ошондой эле өзүнүн мунапыс аркылуу бошотулганын, ага байланыштуу акчалай айыптын жарымын төлөп чыкканын кошумчалады. 

Түлеевдин сөзү боюнча, ал мамлекетке 61 млн сом төлөгөн. Сот актаган күндө да төлөгөн акчасын кайра мамлекеттен кайтарып албайт. Ал акча мугалимдерге жана башка бюджет кызматкерлерине берилсин деди Түлеев.

Нариман Түлеев Бишкек шаарына Кытайдан автобустарды сатып алууда акча жеген деген айып менен 2012-жылы камалган. Ал абактан өткөн ишемби күнү бошогон.

Түлеевдин сот ишине байланыштуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазов менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев азыр камакта отурушат. 2015-жылдын 15-июлунда Коркмазов абактагы Нариман Түлеевдин мүлктөрүн Жогорку Сот аркылуу камактан чыгартууга ортомчу болуп, Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар пара талап кылып, анын 100 миңин алып жаткан жерден кармалганы кабарланган. Кийин ал бул параны Нарымбаев талап кылганын айтып чыккан. Жемкорлукка шектелген президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Нарымбаев болсо 22-июлда УКМКнын тергөө абагына камалган. 

Булак: azattyk.org

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: