Menu

Тажикстанда CASA-1000 долбоору ишке киргизилди

Бөлүшүү:

Тажикстандын Турсунзаде шаарында CASA-1000 долбоору расмий ишке киргизилди. Анын алкагында Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясы жөнөтүлүп турмакчы.

Аземге Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле Пакистан өкмөт башчысы Наваз Шариф менен Ооганстан өкмөт башчысы Абдулла Абдулла катышты.

Долбоордун алгачкы айланпасында Кыргызстан менен Тажикстанды байланыштырган жана кубаттуулугу 500 кВт болгон “Датка-Кожент” (477 чакырым) жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысы курулары күтүлүүдө.

Андан соң Тажикстандан Ооганстанды көздөй, кийинчерээк Пакистандын Пешавар шаарына чейин (750 чакырым) электр өткөрүү чубалгысы курулат. Долбоордун жалпы наркы 953 миллион долларды түзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: