Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 12-майда, «CASA-1000» долбоорунун курулуш ишине карата өткөн салтанаттуу иш чарага катышты. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Курулуштун расмий башталышы Тажикстан Республикасынын Турсунзада шаарында өттү.
Иш чарага Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф жана Афганистандын премьер-министри Абдулла Абдулла катышты.
Салтанаттуу иш чаранын жүрүшүндө, «CASA-1000» аймактык энергетикалык долбоордун курулушу расмий башталды.
Салтанаттын катышуучулары атайы ачкыч менен электр өткөрүүчү линия түркүгүнүн буроосун символикалуу түрдө бурашты.
Тажикстан Республикасынын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Усмонзада Усмонали Юнусали «CASA-1000» долбоорунун бетачсарын тартуулап, конокторду электр энергиясын ташуу багыты менен тааныштырды. Андан соң салтанаттын катышуучулары символикалык түрдө кызыл баскычты басып курулуштун башталышына уруксат беришти.
«CASA-1000» аймактык долбоору Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистанды бириктирип, жогорку кубаттуулуктагы электр энергиясын берүүгө багытталган. Долбоордун жалпы суммасы 1 млрд АКШ долларын түзөт, андагы Кыргызстандын үлүшү – 233 млн АКШ доллары.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ