Menu

Өкмөт өкүлүнүн сөзүнө ишенип төө буурчакты арзан сатып ийген таластыктар нааразы болууда

Бөлүшүү:

Төө буурчактын мекени болгон Таластын эли бүгүн маңдай тери менен жыйнаган түшүмүн облус жетекчисинин сөзүнө ишенип эрте эле арзан баада сатып ийип, ичтери тызылдап турган убагы. Бул тууралуу Кара-Буура районунун мурдагы акими, Апрель баатыры Төлөгөн Наралиев Кyrgyztodayге билдирди.

“Жоомарт Оторбаев деген премьер-министр болуп турганда Таласка келип мындан ары төө буурчак 100 сомдон түшпөйт дегенде элдин баары ага ишенип төө бурчак айдап, кийин аны сата албай канча убара тарткан эле. Эми өкмөттүн облустагы өкүлү Байыш Жуманазаров быйыл Түркияга барып келип, “Төө буурчак айдабагыла, 3 жылга чейин баасы арзан болот экен. Сактап отургандар болсо сатып ийгиле, кийин сата албай каласыңар. Анын ордуна башка нерсе сепкиле” деп элди ишендирген. Эл ага ишенип төө буурчакты сактап отургандар ошол учурда текейден арзан сатып ийишкен. Мисалы мен өзүм баа көтөрүлсө сатып, балдарымдын контрагын төлөй деп отурган 1 тонна төө буурчакты өкүлдүн сөзүнө ишенип арзан эле кармата бергем. Эми минтип азыр төө буурчакка талап өсүп, баасы 55 сомдон 80 сомго чейин чыкты. Эч нерсени тактабай туруп көзү ачыктык кылган өкмөт өкүлүнүн айынан таластыктар канчалаган чыгымга учурады. Эл азыр Жуманазаровго кыжыры кайнап, шалаакы жетекчини жектеп турган убагы. Төө буурчак бул Талас элинин негизги киреше булагы да. Анан жетекчилер каалагандай кылып элди алдай берсе болобу? Эл бул нерсени президент, өкмөт башчы көзөмөлүнө алып, жумушуна шалаакы мамиле жасаган жетекчилерге тиешелүү чара көрсө деп жатат”, – дейт Наралиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: