Кечээ Кyrgyztodayге Баткен облусунун Лейлек районунан Роза Калдарова деген жергиликтүү тургун кат жөнөтүп, анда президенттин кеңешчиси Икрам Илмиянов аталган райондогу жетекчилерге кысым көрсөтүп жатканын айткан эле. Кысымга кабылгандардын арасында Сүлүктү шаарынын мэри Закир Арзыбаевдин дагы аты аталган. Ал эми бүгүн Закир Арзыбаев бизге байланышка чыгып, ага эч кандай кысым болбогонун билдирди. Анын айтымына караганда Икрам Илмиянов же башка жогорку жетекчилер тараптан ага карата ыдык көрсөтүү, бут тосуу болгон эмес. Ал өз ишин мурдагыдай эле улантып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ