15-майда өлкөнүн айрым райондорунда нөшөрлөп жааган жамгыран улам сел жүрүп, үйлөр суу алдында калып жолдор жана каналдар жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сел Баткен облусунун Лейлек, Жалал-Абад облусунун Токтогул, Аксы, Ош облусунун Кара- Суу, Кара-Кулжа райондорунда катталды.
Токтогул районунун Тактык жайлоосундагы сел 35 баш малды агызып кетти. Азыр чыгымдарды тактоо боюнча Жарандык коргонуу комиссиясынын өкүлдөрү аймакта жүрөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ