Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети сот тутумунун реформалоо алкагында иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кодекс долбоорунун демилгечиси депутат Галина Скрипкинанын айтымында, азыркы учурда иштеп жаткан Кылмыш кодекси менен Административдик кодексте СССР доорунда эле иштелип чыгып, анда өтө көп ченемдик жоболор камтылып калгандыктан, аларды ыӊгайына жараша кайра бөлүштүрүү зарылдыгы келип чыккан. Алардын бири – Бузуулар жөнүндө кодекс. Ошону менен бирге, эл аралык тажырыйба менен күндөлүк сот ишинде топтолгон тажырыйба да эске алынды.
Ал эми жумушчу топтун берген маалыматына караганда, жаӊы кодекс укук бузуу жаатындагы иштерди ыкчам жана так карап чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Ал 39 гана беренеден туруп, анда жеке жана юридикалык жактарга байланыштуу укук бузуу жоболору камтылды. Кодексте эскертүү, айыппул жаза чаралары каралган. Кошумча укуктук чаралар – үстөкпул менен мүлкүнөн ажыратуу.
Депутаттар бир эле айыптык жаза чараларынын ортосунда чоӊ айырма болуп калганын, мындай айырма коррупцияга жол ачарын белгилешти. Демилгечи айтылган сунуштарды экинчи окуу жүрүшүндө эске алууга убада берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ