Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Василий Дашков деген жигит бар. Сүйлөгөнү атан төөдөй, шаардык кеңештин депутаттарынан ар дайым чоңсунуп турганы менен эске түшөт. Мына ушул жигитти жакын арада укук коргоочулар “достошууга” чакырып калышы толук ыктымал. Анткени ал темир жолдун “Мостотряд” курулуш ишканасын тээ атам замандан бери жетектеп, бул тармактагы кыбыр эткен курулуш иштерин жалгыз өзү жасап келген. Бирок мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамды аттап, курулуш иштери үчүн өзү каалагандай баа бычканы, натыйжада бюджеттин акчасы самандай сапырылып, Дашков жана анын темир жолчу өнөктөштөрүнүн өздүк эсепканаларына түшүп жатканы белгилүү болуп калды. Болбосо башкалар 20 миң долларга курган футбол аянтчаларын Дашковдун ишканасы 100 миң долларга курганы калппы?
Ал тургай бул жигиттин башына бир аз күн түшсө сыртты карай “зыйт” коюу ниети бардыгы, себеби Дашковго чейинки темир жолдун каржылык булактарын башкаргандар качып кеткени тууралуу маалыматтар бар.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ