Menu

Ички иштер министрлигинде кылмыш жасаган адамдардын маалымат тизмесин түзүү демилгеси көтөрүлдү

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети сот реформасынын мыйзамдык базасын өркүндөтүү алкагында иштелип чыккан “Бузууларды, терс жосундарды жана кылмыштарды жасаган жактардын мамлекеттик реестри жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Сот реформасынын мыйзамдык базасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү Ирина Летованын берген маалыматына караганда, Ички иштер министрлигинин маалымат борбору тарабынан кылмыш жасаган, ошондой эле мыйзамсыз жосун кылган адамдардын маалымат тизмеси түзүлөт. «Тизмедеги адамар жөнүндөгү маалыматтар ыраатка салынып, белгилүү бир мөөнөткө чейин сакталууга тийиш. Белгиленген мөөнөтү аяктаган соӊ, ал архивге өткөрүлөт», – дейт ал.

Мыйзам долбооруна ылайык, маалыматтан президент, спикер, БШК, судьялар менен прокурорлор, тергөөчүлөр менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери пайдалана алат. Ошондой эле, соттолбогон адамдар иштей турган жумуш берүүчү жеке жана юридикалык жактар да өздөрүнө зарыл болгон маалыматтарды суратып ала алат. Жарандар өздөрү тууралуу маалымат алууга укуктуу.

Белгилей кетсек, оор жана өзгөчө оор кылмыш жасагандар адамдар жөнүндө маалымат 40 жылга, анча оор эмес кылмыш жасаган адамдар жөнүндө маалымат 25 жылга, жосундар үчүн 10 жылга, укук бузгандар 1 жылга чейин сакталат. Маалымат тизмесин ишке ашырууга болжол менен 1,5 млн сомдон ашуун каражат талап кылынат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: