Menu

Кадыржан Батыровдун үйүн сот Санжар Бакиевге өткөрүп берди

Бөлүшүү:

Кадыржан Батыровдун Жалал-Абаддагы үйү толугу менен Санжар Бакиевге өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сузак райондук соттук аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн башчысы Динислам Кожоакматов билдирди.

Анын айтуусунда, Батыров үй-бүлөсү менен 2010-жылга чейин жашап турган үй соттун чечими менен Бакиевге берилди.

Бакиевдердин жакындары 2010-жылы Батыров алардын турак үйүн өрттөгөн деп айыптап, чыгымын өндүрүп берүүнү өтүнүп сотко кайрылган.

Жалал-Абад шаардык соту 2011-жылдын ноябрь айында Бакиевдердин доосун канааттандырып, алардын пайдасына Батыровдон 7,4 млн. сом өндүрүүнү чечкен. Сузак районунун Дмитриевка айылында жайгашкан Батыровдун турак жайы сот аркылуу камакка алынып, эки ирет сатыкка коюлган.

Бирок үй сатылбаган соң облустук соттун ушул жылдын апрель айындагы чечими менен Батыровдун турак жайы толушу менен Санжар Бакиевдин менчигине өткөрүлүп берилди.

17-майда сот аткаруучулар күбөлөр менен бирге үйгө кирип, буюмдарын жакындарына өткөрүп беришкен.

Санжар Бакиев Кыргызстандын 2010-жылы бийликтен кулатылган президенти Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси, маркум Жусупжан Бакиевдин уулу.

Булак: “Азаттык”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: