Menu

Өзгөндө Түркиядан келген дарыгерлер балдарды бекер сүннөткө отургузуп жатышат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-майда Өзгөн районундагы “Имам Ажал-Сарахсий” медресесинде  “Сулайман-Тоо» кайрымдуулук коомдук уюму каалоочулардын балдарын акысыз сүннөткө отургузуу иш-чарасын уюштурулуп,  ага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, райондун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Уюштуруучулардын бири Абдынур Нуркуловдун айтымында балдарды сүннөткө отургузуу аземине райондун тургундары абдан активдүү катышууда. “Ушул тапта Түркиянын Адана шаарынан келген эки дарыгер-хирург үзгүлтүксүз иштеп жатат. Ар бир хирургдун кабыл алуусуна бир эле мезгилде ондон бала киргизилип жатат. Учурда 120дан ашуун бала сүннөткө отургузулду. Дагы ондогон ата-энелер балдары менен кезекте турушат. Мындай жакшы жөрөлгө Өзгөндө эртең 19-майда да уланат. Ал эми 20-21-майда Ош шаарында өткөрүлүп,  андан соң Жалал-Абад, Баткен облустарында да уюштурулмакчы. Иш-чара гигиеналык жана коопсуздук эрежелерин сактоо максатын көздөп, акыркы үлгүдөгү аппараттардын жардамы менен заманбап шартта оорусуз отургузуу ыкмалары менен жасалууда. Анткени балдарын өз алдынча сүннөткө отургузган ата-энелер көп учурда бул эрежелерди таптакыр эске алышпайт экен”, – дейт фонддун өкүлдөрү.

Эскерте кетсек, бул иш-чара былтыр да өткөрүлүп, Кыргызстандын аймагынан 1000 деген балдар сүннөткө отургузулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: