Menu

Таласта Кадыров менен Асановду коргоо комитети түзүлдү

Бөлүшүү:

Таласта оппозиция лидерлери Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду коргоо боюнча комитет түзүлдү. Бул бонча бүгүн Кyrgyztodayге аталган комитеттин төрагасы Таалай Айдаров билдирди.

Ошондой эле алар Кыргыз элине, президент Алмаз Атамбаевге, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө 24-март күнү камалган оппозиция лидерлери Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асановду бошотуу боюнча кайрылуу жолдошту.

“Демократиялуу мамлекет болгон соң, оппозиция сөзсүз түрдө болушу шарт, коомдун өнүгүүсүндө оппозиция дайыма чындыкты айтып, өз салымын кошуп келген. Оппозиция лидерлери бүгүн эле чыгып калган эмес. Биздин лидерлер кайсы жерде иштебесин тазалыкты, акыйкатты, улуулукту колдоп келген.

Монтаждалган үн жазгычка шылтоо кылып, 2 айдан бери негизсиз Улуттук коопсуздук кызматында кармалууда. Бул көрүнүшкө элдер өтө нааразы болуп үн катканы менен бийлик укса дагы укмаксанга салып жатканы өтө өкүнүчтүү. Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асановду коргоо комитети бийликке төмөндөгүдөй талаптарды коёбуз:

1. Тез аранын ичинде лидерлерди бошотуу;

2. Саясий куугунтукту токтотууну талап кылабыз.

Талаптар аткарылбаса ар кандай мөөнөтсүз акцияларды башталаарын билдиребиз”, – деп айтылат кайрылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: