Жогорку Кеңештин 18-майдагы жалпы жыйынында тармактык комитеттердин төрага орун басарлары шайланды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына Махабат Мавлянова («Республика – Ата Журт»), Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына Тазабек Икрамов («Республика – Ата Журт»), Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына Мирлан Жеенчороев («Республика – Ата Журт») дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ