Menu

«Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин Кыргызстан кандай жол менен өнүгүш керек?” аттуу форумдун катышуучуларынын билдирүүсү

Бөлүшүү:

«Элдик саясат» полиси институту, «Бишкек форуму», “Россия” медиа борбору, «Бир дүйнө» жана «Кылым шамы» өкмөттүк эмес уюмдары биргелешип Бишкекте өткөргөн «Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин Кыргызстан кандай жол менен өнүгүш керек?» аттуу форумга 2016-жылдын 18-майында катышкандар Кыргызстандын азыркы жана Атамбаевден кийинки саясый системасы, социалдык-экономикалык абалы жана тышкы саясатындагы маселелерди талкуулагандан соң, төмөнкүлөрдү билдирет:

1. Кыргызстанда бүгүн адам укуктарынын бузулушу жана бийликтин өзүм билемдиги, анын коомдук диалог өткөрүүгө жана ынтымак орнотууга болгон жөндөмсүздүгү өтө кооптуу кырдаалга өсүп жетти.

2. Кээ бир саясатчылар менен жарандардын дарегине өлкө башчысы тарабынан айтылган акаарат сөздөр – жарандарга соттун чечимисиз аларды кылмышкер деп атоонун, тетири мамиле жасоонун жана адамдарды кемсинтип-кордоонун, элди бөлүп-жарып, душман издөөнүн үлгүсүнө айланды.

3. Укук коргоо жана тартип сактоо органдары, айрыкча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мыйзамдан мурда бийликтин көрсөтмөсү менен иштеп калды.

4. Бийликтен дээрлик жүз пайыз көз каранды болгон сот адилеттигине болгон элдик ишеним биротоло кетти.

5. Коомдо бирин-экин сүйлөнгөн эркин сөз – бийликтин гана ырын ырдаган, өлкөнү толугу менен жана улам кайра камтыган мамлекеттик ММКлардын шакабасына айланды.

6. Президенттин ойлонулбаган билдирүүлөрүнүн натыйжасында коңшу мамлекеттер менен байланыш болуп көрбөгөндөй солгундады.

7. Мамлекеттик реформалардын бирин да бул бийлик менен биргелешип жасоо мүмкүн эместиги айдан ачык болуп калды.

«Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин Кыргызстан кандай жол менен өнүгүш керек?” аттуу форумдун катышуучулары

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: