Menu

Журналист Бейшенбек Бекешовдун “Атамбаев кеткенден кийин Кыргызстан кандай өнүгүш керек?” аттуу форумда сүйлөгөн сөзү: “Туугандуу бийде ыйман жок”

Бөлүшүү:

– Эл башы кыргыз наркы боюнча элдин атасы катары эсептелет. Атага акаарат айтууга мүмкүн болбогондой эле эл башыга да кырчаңгыланып тийишип, жаман сөз айтууга болбойт. Кемчилигин, каталыгын көрүп турсаң да чыдап, сабыр күтүүгө тийишсиң. Ушундай нарк-насил менен жашап миң жылдарды карыткан улуу элдин уулу катары мен да ал дөөлөттөрдү кийинки муунга өткөрүп берүүнү өмүр максатыма айлантып келем. Жок дегенде бир адамды ыйыгыраак сактайлы, ажого дайынсыз асылбайлы, башы бар эл сыяктаналы, башчысы жаман атуу болгон элдин куту кетет, сыймыгы учат деген наркты өзүмдүн күйөрмандары аз эмес автордук көрсөтүүлөрүмдө да, өзүм жетектеген жамаатка адистик талап иретинде да элге сиңирүүгө болгон күчүмдү жумшадым. Ал турсун аны интернетте олтуруп алып шыбагандарга насаат айта коём деп алар менен ит жебеген бокту жешкен душман болууга чейин жеттим.
Бирок азыр менин көзүм башка бир ачуу чындыкка жетти. Ал бизге ата эмес экен. Өгөй экен. Мендейлер ага эч убакта өз болбойт экен. Иш билбестик, чарбасыздык, жеп-ичкичтик, ууру-кескилик болуп жатканын кайра-кайра көзүнө басып көрсөтүп берсең да сөзүңдү укпайт, өзүңдү каакы ордуна санабайт экен. Тетирисинче, мен кызматка койгон кишилердин былыгын эмне чукуйсуң деп сага каршы чара колдонот экен.
Анын өз туугандары, өз кишилери бар экен. Өз кишилеринин кылмышы көрүнүп калса да айлап-жылдап кызматынан түшүрбөй, ошол жерди акыр аягына чейин курутуп жеп бүткүчө кармайт экен. Өз кишилери абактагы ашынган кылмышкерди атайын уюштуруп түрмөдөн качырып, бүтүндөй бир мамлекетти, бир кара башыл элди мазак кылса да жазага тартылбайт экен. Өз эместерди телефон менен же аракканада олтуруп сүйлөшкөнү үчүн да камап жатса, өз кишилери мамлекеттик коопсуздуктун башында олтуруп шымы шыпырылып калса да көрмөксөнгө салат экен. Акча жасоонун камын жегенди билген, бирок ар бир сөзү ааламга дайын болуп абийири кетип жатканын билбеген коопсуздук кызматын каржылоодон өткөн шылдың, мазак барбы биз үчүн!?
Мындай башкаруунун диагнозун кыргыз “Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок” деп жер заманда эле коюп койгон. Буга эч нерсе кошумчалап мүмкүн эмес. Ыйман жок болсо иштин бүткөнү. Эки шайтан башкаруучудан кийин Кудай деген эл башы келди деп төбөбүз көккө жетип сүйүндүк эле. Ыйман эл көзүнө окуп койгон намазда эмес экенине дагы бир ирет көз жетип, өгөй аталуу, болгондо да ыймансыз өгөй аталуу шордуу элдин эмики тагдыры кандай болот деп, ичимен кан өтүп турат.
Бейшенбек Бекешов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: