Menu

Кыргызстан Орусияны “кара тизмедеги” мигранттардын санын кыскартууга үндөөдө

Бөлүшүү:

Жогорку Кенештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Орусия Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкого кайрылып, эмгек мигранттарына тоскоолдук жараткан “кара тизмени” кыскартууга жардам берүүнү өтүндү.

Турсунбеков бул теманы Санкт-Петербургда өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер ассамблеясынын алкагындагы жолугушуу учурунда козгоду. Мындан тышкары алар эки тараптуу кызматташык маселелери боюнча пикир алышты.

Орусиянын Федералдык миграция кызматы 2013-жылы “кара тизме” түзгөн. Ага бул өлкөнүн мыйзамдарын бузган мигранттар илинген.

Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын маалыматы боюнча 100 миң кыргызстандык 2015-жылы “кара тизмеден” чыгарылган. 60 миң адамдын өтүнүчү канаатандырылган эмес.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке 2015-жылдын 12-августунан бери толук кандуу мүчө. Көптөгөн мигранттар Орусиядан белгилүү бир жеңилдиктерди күтүп келген. Бирок жумушка орношуудан тышкаркы маселелер өзгөрүүсүз калды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: