23-27-майда аба ырайынын туруксуздугунан жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарында 23-май күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14°, күндүзгү жогорку температурасы 20…22° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 23-май күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 15…17°, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° жылуу болушу күтүлөт.
23-май күнү түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
24-май күнү түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустардын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 24-май күнү күндүз жана 25-май күнү жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында15-20 метрге жетиши күтүлөт.
26-27-май күндөрү кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ