Menu

Премьер-министр Маммүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Алмазбек Кадыркуловго сөгүш жарыялады

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Алмазбек Кадыркуловду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Фонддун төрагасы Алмазбек Кадыркулов Фонддун ишмердүүлүгүнө тийиштүү Өкмөттүн буйруктарын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Премьер-министр Фонддун сапатсыз ишин, өкмөттүн бир катар буйруктары аткарылбагындыгын белгилеп, ыкчам чечимдерди талап кылган милдеттерди койду. Өзгөчө көңүл мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо маселесине бурулду.

«Бүгүнкү күнгө дейре мамлекеттик активдердин реалдуу наркы аныктала элек. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду 2016-жылдын 1-ноябрына дейре кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо боюнча ишти, «Мамлекеттик мүлктү башкарууну жакшыртуу» долбоорун сапаттуу ишке ашырууну тездетүүсү зарыл», – деп белгиледи Жээнбеков.

Ошондой эле мамлекеттик менчикти ижарага берүү иши да сынга алынды. Өкмөт башчы мамлекеттик менчикти ижарага берүүдөн түшкөн кирешелерди жогорулатуу боюнча ишти жүргүзүүнү, мамлекеттик мүлктү электрондук форматта ижарага берүү процессин оптималдаштыру жана автоматташтыруу үчүн электрондук маалыматтык тутумду киргизүүнү ыкчамдатууну тапшырды. Мындан тышкары, белгиленгендей,  улутташтырылган мүлктүк талашуулар, соттук териштирүүлөр жана кийинки сатуулар создуктурулууда.

Премьер-министр өкмөттүн «Мамлекеттик контролдук акциялар пакетине ээ мамлекеттик ишканалардын, акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө» токтомун аткаруу жетишсиз түрдө жүргүзүлүп жаткандыгына басым жасады. Тактап айтканда, иштеп жаткан мамлекеттик ишканалардын тизимин тактоо, мамишканалардын жана акционердик коомдордун тармактык эмес активдерин пайдалануу боюнча талдоонун орун албагандыгы, мамлекеттик ишканаларды жана акционердик коомдорду натыйжалуу башкаруунун так программасынын жоктугу аталды.

Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Жээнбеков мамлекеттик органдардын тартибин жана аткаруучулук жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи. Өкмөт башчы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Алмазбек Кадыркуловго жүктөлгөн кызматтык милдеттерди тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: