Menu

Алмазбек Атамбаев биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышты – фото

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-майда, Стамбул шаарына иш сапарынын алкагында биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Күндүн биринчи жарымында Атамбаев биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышып жаткан делегация башчылары менен бирге БУУ Башкы катчысы Пан Ги Мундун төрагалыгы алдында өткөн мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын жабык отурумуна катышты.

Андан соң биргелешип эстеликке сүрөткө түшүү аземинен кийин биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммиттин расмий ачылышына катышты.

Саммит алаңында Атамбаев Германия Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолукту. Лидерлер кыргыз-немис эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммиттин ишине дүйнөдөгү 50 өлкөнүн президенттери жана өкмөт башчылары катышууда.

БУУнун калкасы алдында өтүп жаткан саммит эл аралык коомчулуктун кризистерге жооп кайтаруу боюнча мамилесин өзгөртүүнү көздөйт.

6 1 3 4 5 6

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: