Menu

Жогорку Кеңеш төрагасы Сауд Аравия королдугунун элчисин кабыл алды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 27-майда Сауд Аравия королдугунун Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Элчи Чыныбай Турсунбековду төрагалыкка шайланышы менен куттуктады.

Сауд Аравиясынын салмактуу экономикалык мүмкүнчүлүгүн белгилеген Ч. Турсунбеков Кыргызстандын энергетика жана айыл чарба тармагына инвесторлордун келиши эки тараптуу кызматташтык мамилелерди бекемдей турганын билдирди. Ал 2011-жылы Сауд Аравиясынын Өнүктүрүү фонду “Бишкек-Нарын-Торугарт” жолунун бир бөлүгүнүн курулушуна 15 млн. АКШ доллары өлчөмүн каражат бөлгөнүн эки өлкө ортосундагы карым-катнаштын үлгүсү катары белгиленди.

Ал эми элчи Абдурахман бин Саид Аль-Жума Сауд Аравиясы мындан ары да Кыргызстандын билим берүү жана айыл чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу жүрүмүнө жигердүү катышуугаа кызыкдар экенин билдирип, мамлекеттер аралык мамилелер менен парламенттер аралык байланышты өнүктүрүү үчүн бар күч-аракетин жумшай турганын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: