Menu

Атамбаев чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-майда, чек арачыларды кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

“Урматтуу чек арачылар! Кадырман ардагерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Чек арачынын күнү менен куттуктайм!

Көз карандысыздыктын кадырын, баркын билген жана өз бүтүндүгүнүн камын көргөн мамлекет үчүн чек араны кайтаруу эң маанилүү милдет болгон жана болуп кала берет. Ал эми чек арачы болуу эрдикти, чыдамкайлыкты, чыныгы кесипкөйлүктү талап кылган ардактуу жана абройлуу кызмат.   Алар көп учурда ден соолугун жана өмүрүн тобокелчиликке салып, катаал шарттарда: алыскы чек арада жайды жайлай, кышты кыштай, күн-түн дебей кызмат өтөшөт. Чек арачылардын катарында өмүрү кылдын учунда турса да ар качан “чек арачы” деген улуу милдетти так аткарып, ар-намысты бийик туткан, абийири таза,  жүрөгү элим, жерим деп соккон чыныгы азаматтар көп. Алар элибиздин сыймыгы!

Кыргызстан элинин атынан ак ниет кызмат өтөп жаткан бардык чек арачыларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.

Биздин чек арачыларыбыздын күжүрмөн аракети менен бүгүн Кыргызстан өз чек арасын ишенимдүү көзөмөлдөп турат.  Алар эл аралык террорчуларга жана экстремисттерге, мыйзамсыз миграцияга, чек аралар аралык кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөшүп, баңги трафигине жана контрабандага  ишенимдүү бөгөт болушууда.

Мамлекет тарабынан Чек ара кызматын материалдык-техникалык жактан жабдууну жакшыртуу, чек арачылардын эмгек маянасын жогорулатуу, социалдык жактан коргоо, алардын үй-бүлөлөрү менен ыңгайлуу батирлерде жашоосун камсыз кылуу боюнча кийинки жылдары көп иштер жасалууда. Бул аракеттер мындан ары да улантылат. Анткени үй-бүлө – чек арачы үчүн ишенимдүү тыл.

Майрам күнү биздин ардагерлерибизге өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Сиздердин күлгүн жаштык курагыңыздар чек арада кызмат кылуу менен өттү. Бүгүн бай тажрыйбаңыздарды жаш муундарга үйрөтүп, аларды татыктуу тарбиялоого баа жеткис салым кошуп жатасыздар.

Улуу Ата-мекендик согуштун кандуу майдандарында каармандык көрсөткөндөрдүн, Баткен окуялары учурунда Мекен үчүн кырчындай өмүрү кыйылгандардын жана тынчтык күндөрү чек арада мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирген террорчулар, контрабандачылар менен бетме-бет кармашып, курман болгондордун жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүк сакталып калат.

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн жооптуу жана сыймыктуу кызматта жаңы ийгиликтерди каалайм.

Кыргыз мамлекетинин чек арасы достуктун, шериктештиктин жана кызматташуунун чек арасы болсун”, – деп айтылат куттуктоодо.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: