Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков туризм маселесин караган өкмөттүк жыйында атайылап ажаткана маселесине токтолду. “10 жылдан бери ажаткана жок деп айтабыз, ал азыр да жок”, – деп ачууланган ал туристтик мезгилдин башталышына чейин Бишкектен Ысык-Көлгө чейинки жолдун боюнда кыдыракей бардык шарты бар ажаткана курууну тапшырды. Ошону менен кыргыз бийлиги бир ай бою ажаткана куруу компаниясы менен алек болуп, өкмөт акенин тапшырмасын аткара турган болду. Ырас, иш аягына чыгып калса ары-бери өткөндө “Сооронбай акенин салдырган ажатканалары” – деп, ар бир отуруп-турган кишилер далай жылдар эстейт го?!
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ