Menu

Жаш өспүрүмдөрдү киного тартууда алардын ата-энелеринен милдеттүү түрдө уруксат алуу керек

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 30-майдагы жыйынында Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору талкууланды. Бул тууралуу демилге депутат Максат Сабировго таандык.

Ал өз баяндамасында долбоор эмгек мыйзамдарын өркүндөтүү, жашы жетпегендердин эмгектик укуктарын коргоо жана маданият кызматкерлери менен мөөнөттүк эмгек келишимдерин түзүү тажрыйбасын кеңейтүү максатында иштелип чыккандыгын билдирди.

Эл аралык эмгек уюму кинематографтын чыгармаларын жана театрдык коюуларды түзүүдө балдардын эмгегин пайдалануу боюнча кооптонууну билдирип жаткандыгына бир нече жыл болду. Андыктан, кинематография, театр уюмдарында жана концерттик уюмдарда, цирктерде, маданият-массалык иш-чараларда 18 жаш курагына толо элек адамдар менен ден-соолугуна жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыянсыз чыгармаларды түзүүгө жана аткарууга катышуу үчүн ата-энелеринин биринин жазуу жүзүндөгү макулдугу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты менен жол берүүнү караган ченем киргизилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: