Menu

Парламентте өкмөттүн жазгы-талаачылык жумуштарынын жүрүшү тууралуу маселе каралды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында жазгы-талаачылык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө маселе каралды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган маселе боюнча КР айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев баяндама жасады.

Анын айтымында, 2016-жылдын түшүмү үчүн себилген күздүк кылкандуу дан эгиндерин минералдык жер семирткичтер менен кошумча азыктандыруу 97,8 га жерде жүргүзүлүп, жалпы аянттын 67.5; түзгөн, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 19 миң гектарга көп. Жер айдоо иштери дагы өткөн өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда алдыда жүрүүдө, республика боюнча 337 миң га жер айдалган, белгиленгендин 56,9% түзөт же өткөн жылдын деңгээлине караганда 124,4 миң га көп. Жазгы дан өсүмдүктөрү 200,3 миң га жерге себилди.Былтыркыга салыштырмалуу 93,1 миң га көп. Жаздык буудай 72,2 миң га себилди. Былтыркыга салыштырмалуу 41, 1 миң га көп. Жүгөрү баштаган жашылчалар дагы былтыркы жылга салыштырмалуу көп айбалган. Тамеки өстүрүү азайган. Кант кызылчасы, пахта, тоют өсүмдүктөрү көп эгилген. Минералдык жер семирткичтер толук көлөмдө берилген. Буга чейин үрөн менен камсыздоодо кемчиликтер болуп келгенин белгилеген министр Турдуназир Бекбоев үрөн секторун өнүктүрүү концепциясы иштеп чыгылгандыгын маалымдады. Жеңилдетилген насыяларды 10 миңден ашуун чарбалык субьектилер 2,5 млрд. сомго жакын акча каражатын 10% тегерегинде алышкан. Сугат суусу менен камсыздоо боюнча ички сугат каналдарына республикалык бюджеттен каралган 73 миллион сом өз учурунда берилүүдө. Айрым жерлерде ншөрлөп жааган жаандан айдоо аянттарын сел алган учурлар болду.

Талкууда ЕАЭБге кошулуу менен айыл чарба өнүмдөрүн сыртка чыгарып сатууда тоскоолдуктар жоктугун, бирок мал чарбасы боюнча көйгөй тургандыгын, бул жаатында быйыл Талас, Нарын, Баткен, Ысык-Көл облустарына лаборатория республикалык бюджетин эсебинен курула тургандыгы маалымдалды. Ошондой эле бизде өндүрүлгөн картошкалардын оорусу бизде аныкталып, четтетилбегендигин белгилеген депутат Дастан Жумабековдун суроосунан кийин тиешелүү кызмат адамдарынан 2 жооптуу кызматкерге чара көрүлгөндүгү белгилүү болду. Депутат айыл чарбасына багытталган насыяны жаз менен эмес, 12 бою даяр долбоорлорго берүү зарылдыгын кошумчалады.

Жыйынтыгында жазгы-талаачылык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү аткаруу бийлиги тарабынан жетишерлик эмес аткарылып жаткандыгы белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: