Menu

Кыргызстандын тоолуу айылдарында сел жүрүү коркунучу бар

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев өкмөткө Баткен облусунун Кадамжай районунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысы селден улам каза тапкан беш адамдын жакындарына көңүл айтып, аларга материалдык жардам көрсөтүү максатында өз фондунан 500 миң сом бөлүп берди.

Кадамжай – Айдаркен унаа жолун таштардан тазалоо иштери аягына чыгып калды. Бул ишке ӨКМдин техникасы тартылган.

Орозбеков атындагы айылда үч турак-жай олуттуу зыян тарткан. Зыяндын көлөмү такталууда. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, Кыргызстандын дээрлик бардык тоолуу айылдары сел коркунучуна кириптер болушу ыктымал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: