Буга чейин массалык маалымат каражаттарында Кадамжайдагы “Бел-Алма” көмүр кенинде коррупциялык схемалар иштеп жатканы, анын башында ага-ини Жээнбековдор турганы тууралуу маалымат тараган эле. Бул боюнча бүгүн, 31-майда кенди иштеткен “Беш-Арча” ишканасынын директору Уланбек Мамытов маалымат жыйын өткөрүп, Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбеков менен премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун “Бел-Алмага” тиешеси жоктугун билдирди.
“Биз аталган кенде иш жүргүзүүгө сынакты утуп алганбыз. Эч кандай чиновниктин тиешеси жок. Компания өлкөнүн бюджетине 1 миллион доллар төлөп берди. Мындан тышкары биз Майдан айыл өкмөтүнүн тургундарына жылпысынан 20 миң доллар көлөмүндө социалдык жардам көрсөттүк. Быйыл бала бакчаны курууга, жолдорду оңдоого жана башка социалдык программаларды ишке ашырууга 100 миң доллар бөлүнмөкчү. Компанияда 2 миң кызматкер иштейт, алардын 90 пайызы – жергиликтүү тургундар”,- дейт Мамытов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ